Кыргызстанда психиатр, неонатолог, анестезиолог-реаниматолог адистигиндеги дарыгерлер жетишсиз экенин Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Быйылкы жылдын тогуз айынын жыйынтыгы менен карасак, өлкөдө өтө тартыш болгон психиатр, неонатолог, анестезиолог-реаниматологдордон тышкары, акушер-гинекологдор жана үй-бүлөлүк дарыгерлер жетишсиз.
Ошондой эле, республика аймыгандагы ооруканаларда нарколог, хирург жана фтизиатр адистиги боюнча кызмат орундары бош экени айтылды.