Жаңылыктар
“Түндүк электр” өз маалында акча төлөбөгөндөрдүн электр жарыгын өчүрдү
Экономика
“Түндүк электр” өз маалында акча төлөбөгөндөрдүн электр жарыгын өчүрдү

“Түндүк электр” ишканасы 22-ноябрда Бишкек шаарында өз маалында жүргүзүлбөгөн төлөмдөр үчүн 604 турмуш-тиричилик эмес абоненттеринин электр камсыздоосун өчүрдү. 

Алардын карыздары 8 млн сомго жакын сумманы түзөт. Маалыматка ылайык, жалпы өчүрүлгөн турмуш-тиричилик эмес абоненттеринин ичинен дебитордук карызын 203 абонент ошол эле маал карызын төлөп, кайра электр энергияга аралыктан эле кошулду. 

Бир күн мурун борбордогу 3 000 турмуш-тиричилик абоненттери өчүрүүгө дуушар болушту. 

Эске салсак, “акылдуу” эсептегичтерге кошулган жана өз убагында төлөм жүргүзүлбөгөндүгү үчүн аралыктан өчүрүлгөн керектөөчүлөрдүн электр жарыгы, төлөм толук жүргүзүлгөнү тууралуу “Түндүк электр” ишканасынын маалымат серверине билдирме түшкөн соң электр жарыкка кошулат. 

Ал жактан автоматташтырылган тутум адамдын катышуусуз эле абоненттин эсептегичине кошулууга билдирме жөнөтөт.