Жаңылыктар
Кыргыз-тажик чек арасынан чоочун паспорт менен кыргыз жараны кармалды
Чек ара
Кыргыз-тажик чек арасынан чоочун паспорт менен кыргыз жараны кармалды

«Кызыл-Бел» көзөмөл өткөрмө пунктунун кызматкерлери тарабынан кыргызстандык аял кармалды. Кармалган жаран башка бирөөнүн паспорту менен чек араны кесип өтүүгө аракет кылган. 

Паспортту текшерүү учурунда 1980-жылы туулган кыргыз жараны чек арачыларга башка аялга тиешелүү паспортту көрсөткөн. Ал өзүнүн паспортун жоготуп алганын билдирип, тууганынын документи менен чек арадан өтүүнү көздөгөнүн билдирген. Кармалган аял Тажикстанга туугандарына бара жаткан. 

Тиешелүү документтер толтурулган соң, ал ИИМ аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.