Жаңылыктар
Бишкектеги бала бакчаларда гепатит А илдети боюнча абал туруктуу
Ден соолук
Бишкектеги бала бакчаларда гепатит А илдети боюнча абал туруктуу

Бишкектин бала бакчаларында гепатит А илдети боюнча абал туруктуу экенин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Артур Буюклянов билдирди.

Буга чейин бала бакчаларда сарык оорусу күч алып жатат деген маалымат тараган. Буюкляновдун айтымында, аталган илдет күз жана кыш мезгилдеринде козголот. "Ичеги-карын инфекциялары көбүнесе ноябрь айында жайылат. 

Бишкекте бир бала бакчада эки наристе сарык болуп ооруп, ал убактылуу жабылды. Бирок балдар бул дартты бири-бирине жуктурган эмес. Негизи сарыкка бала бакчага барбаган наристелер көп кабылат. Учурда Бишкекте эпидемиялык абал түзүлгөн жок", — деди дарыгер.

Гепатит же сарык оорусу — боорду жабыркаткан жугуштуу дарт. Өз ичинен А, В, С, D жана Е болуп беш түргө бөлүнөт. Гепатиттин А жана Е түрү оорунун жеңил формасы болуп саналат. Бул илдет жуулбаган кир кол аркылуу же ооруп жаткан адам менен байланышта болгондо жугат.