Жаңылыктар
Сасык тумоого каршы эмдөөнүн эффективдүулүгу барбы?
Ден соолук
Сасык тумоого каршы эмдөөнүн эффективдүулүгу барбы?

Кыргызстанга сасык тумоого каршы вакцина алынып келинди. 22-ноябрдан тарта вакциналар республиканын аймактарына жөнөтүлө баштайт. Адистердин айтуусунда, өлкөдө акыркы бир жума аралыгында сасык тумоонун учурлары басымдуу катталууда. Ооруну алдын алуунун бирден- бир жолу - сасык тумоого каршы эмдөө дешет адистер. 

Ошол эле учурда коомчулукта эмдөөгө ишенбегендер да бар. Министрликтин маалыматында, акысыз вакцина тобокел топторго гана берилет. Эмдөөдөн өтүүнү каалагандар акы төлөө жолу менен  үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунан алса болот. 

Айсулуу Гайбулла кызы, "Биринчи радио"