Жаңылыктар
“Бейиш” деген мекеменин дарыгерлери өкмөттүн имаратын талашууда
Кыргызстан жаңылыктары
“Бейиш” деген мекеменин дарыгерлери өкмөттүн имаратын талашууда

“Бейиш” деген ат менен калкка белгилүү болгон мекеменин дарыгерлери өкмөттүн имаратты бошотуп берүү талабына нааразы. Алар Мамлекеттик мүлк фондунун башка имаратка көчүү сунушунан, батпайбыз жана шарты жок деген жүйөө менен баш тартууда. Президенттин иш башкармалыгынын балансында турган имаратка Мамлекеттик кадыр кызматын жайгаштыруу боюнча өкмөттүн токтому чыккан. 

Мүлк фонду мамлекеттик кызматтарды жайгаштырууда тартыштык бар экенин, имарат, жеке чөнтөккө эмес, мамлекеттин кызыкчылыгына пайдаланылышы керек дешүүдө. 

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"