Кыргызстан ЕАЭБтен сырткары үчүнчү өлкөлөр менен кызматташуунун жолдорун караштырууда. Бул багытта мүмкүнчүлүктөрдү Кыргызстан Казакстан менен түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Улуу Жибек жолун альтернатива катары пайдаланса болот-деген пикирлер арбын.
Үчүнчү өлкөлөр менен президент Алмазбек Атамбаев ЕАЭБке чейин эле карым-катышты жакшыртып койгонун экономистер эске салышат. Ал арада кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү бекетинде кезек күткөн фуралар аз эместигин Мамлекеттик чек ара кызматы билдирүүдө.
Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"