Жаңылыктар
А.Атамбаевге Кыргыз Эл баатырын берүү сунушталууда
Саясат
А.Атамбаевге Кыргыз Эл баатырын берүү сунушталууда

Президент Алмазбек Атамбаевге Кыргыз Эл баатырын берүү тууралуу Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынан депутаты Сайдулла Нышанов сунуштады. 

Анын айтымында, Алмазбек Атамбаев президент болгон жылдары өлкөдө туруктуулук орноп, таза шайлоону өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул эмгегин эске алуу менен мөөнөтү аяктап жаткан президентке Кыргыз Эл баатыры жогорку наамын берүүнү айтты. 

"Кыргызстанда эле эмес, Борбор Азияда жаңы шайланган президентке бийликти демократиялык жол менен тапшырышы баарыбызды толкундандырып жатат. Шайлоочулардын пикирин эске алып Алмазбек Атамбаевге Кыргыз Эл баатыры деген наамды берүүнү сунуштайм", - деди ал. Депутат өз демилгесин добуш берүүгө коюуну суранды.

 Кыргыз Эл баатыры жогорку наамы өлкөгө сиңирген өзгөчө эмгеги жана баатырдыгы үчүн берилет. Кыргызстанда бул наам 20дан ашык адамга ыйгарылган.