Бишкекте 30 күндүк "Манас" айтуу иш-чарасы башталды. Анда белгилүү манасчылар менен кошо жаш манасчылар да "Манасты" даңазалоодо.
Манасчы Дөөлөт Сыдыковдун айтымында, мындай иш-чаралар маданиятты өнүктүрүүдө абдан маанилүү.
"Манас" айтуу 22-декабрга чейин уланат. Каалоочулар Манас айылына барып, Манастан үзүндү угуп келсе болот.