Жаңылыктар
Маданият кызматкерлери үчүн үй курулат
Кыргызстан жаңылыктары
Маданият кызматкерлери үчүн үй курулат

Өлкөнүн маданият, маалымат жана туризм тармагында эмгектенген кызматкерлер үчүн көп кабаттуу төрт үй курулат.  

Турак жай Бишкектин Кара-Жыгач конушуна курулуп, төрт үйдө жалпы 216 батир болмокчу, анын 105и бир бөлмөлүү, 54 батир 2 бөлмөлүү жана 45 батир 3 бөлмөлүү болот. Маданият кызматкерлери үчүн үй салуу демилгесин президент Алмазбек Атамбаев көтөрүп, мамлекеттик курулуш агенттигине жана шаардык мэрияга жер бөлүп берүү, инженердик техникалык шарттарын иштеп чыгуу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилген. 

Долбоордун жалпы суммасы 340 млн сом деп эсептелүүдө. 

Маданият министрлигинен билдиришкендей, батирлер эң ириде маданиятка эмгек сиңирген, аз камсыз болгон жана буга чейин жеке турак жайга ээ болбогон кызматкерлерге берилет.