Жаңылыктар
Эртең жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун ант берүү аземи болот
Саясат
Эртең жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун ант берүү аземи болот

Өлкө тарыхында биринчи жолу бул салтанат "Ала-Арча" резиденциясында өткөнү турат. Тарыхый иш-чара КТРКнын бардык каналдарында, "Ала-Тоо 24" каналында, республиканын мамлекеттик телеканаладарында түз алып көрсөтүлөт. 24-ноябрга белгиленген инаугурация эртең менен саат 10до башталат. Иш-чаранын негизги бөлүгү мамлекеттик резиденциядагы “Энесай” кабыл алуу үйүндө өтөт. 

Анда өлкөнү башкаруу мөөнөтү аяктап жаткан Алмазбек Атамбаев сөз сүйлөп, жаңы президент да элге кайрылуу жасап, ант берет. Сооронбай Жээнбеков президенттик күбөлүктү, төш белги жана мамлекеттик штандартты дал ушул жерде кабыл алат. Уюштуруу комитетинде макулдашылган программага ылайык чакырыла турган коноктор менен иш-чарага сарптала турган каражаттын да көлөмү аныкталды. Программага ылайык, салтанаттуу аземдин жүрүшүндө артиллериялык залп атылат. Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик резиденциядан кортеждин коштоосунда шаар аралап жолго чыгышат. Ак үйдө жаңы президентти ардак кароол күтүп турат. Анда Улуттук Гвардиянын башчысынын рапорту кабыл алынат. 

Мамлекеттеги эң жогорку кызматты тынч жол менен өткөрүп берүү салтанаты жаңы президентти өз иш бөлмөсүн тааныштыруу менен жыйынтыкталат. Инаугурацияга башка өлкөлөрдүн башчылары чакырылган жок. Талдоочулардын баамында, бул кадыресе көрүнүш. Маселен, Өзбекстандын президенти да ант берүү аземин өз өлкөсүнүн жарандарынын гана алдында өткөргөн. Америка лидери Дональд Трамптын инаугурациясына эң эле кадырлуу меймандары катары өз өлкөсүнүн экс-президенттери гана чакырылган. Бул инаугурацияга АКШ бийлиги 90 миллион доллар сарптаган.