Жаңылыктар
Жол кырсыгын жоюу жалпы милдет
Кыргызстан жаңылыктары
Жол кырсыгын жоюу жалпы милдет

Акыркы кездерде коомчулукту дүрбөлөңгө салган жол кырсыгынын көбөйүшүн жалпылап колго алуу зарыл. Мындай пикир Бишкекте өткөн жол коопсуздугу боюнча улуттук форум учурунда айтылды. Иш-чара "Жол коопсуздугу" коомдук бирикмесинин демилгеси менен уюштурулган. Жол кырсыктарынын башкы себеби катары айдоочулардын катуу ылдамдыкта жүрүүсү, түз жана күтүүсүз кезиккен бурулуштардын көптүгү айтылып келет.

Андан кийинки себеп, мас абалында унааны башкаруу. Статистика боюнча, кырсыкка кабылгандардын көпчүлүгү жаңы эле күбөлүк алып, рулга отургандар. Статистикалык маалыматка таянсак, 2017-жылдын 10 айында эле өлкө боюнча 5 миңден ашуун жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 700дөй адам мерт кеткен. Өкмөт үрөй учурган мындай кырдаалды токтотуу үчүн жол кырсыгын алдын алуунун түркүн аргасын издөөдө. Учурда бул боюнча атайын комиссия түзүлүп, ага тиешелүү болгон бардык мамлекеттик ишканалар кирди. Өлкөдөгү жол кырсыктарын алдын алуу үчүн эми Европа коопсуздук кызматташтык уюму дагы жардамга кол сунууда. 

Ага ылайык, жаш балдардан баштап, чоңдорго чейин жолдо жүрүү эрежелери камтылган баракчалар таратылып, маалымдамалар жана ар кандай роликтер жарыяланат. Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгы жоюлуп, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыкты түзүү тууралуу токтомго кол коюлгандан бери, алгачкы иш аракеттер башталды. Мындай жагдай жол жүрүү эрежелерин туура сактап, унаа кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоого карата көрүлгөн күчтөтүлгөн чара болуп калды.