Жаңылыктар
Өлкөнүн кийим тигүү тармагы, өндүргөн товарынын сапатын арттыруу аракетин көрүп келет
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөнүн кийим тигүү тармагы, өндүргөн товарынын сапатын арттыруу аракетин көрүп келет

Европа өлкөлөрүнө чейин жеңил кийимдин түрүн экспорт кылган ири фабриканын бири эл аралык талапка жооп берүүчү кийимдерди чыгаруу максатында иш билги адистерди даярдоонун үстүндө. Бул фабрикада кыска мөөнөттө кесипкөй тигүүчүлөрдү даярдоо боюнча үйрөтүү семинары өттү. Бул максатта чет өлкөдөн адистер чакырылып, алар ийгилик сырлары менен бөлүшүүдө. 4 жыл мурун ачылган фабрикада иш кайнап жатат. Бул жерде жалпы 200дөн ашык тигүүчү эмгектенет. Англия жана Индия мамлекеттеринен чакырылган мыкты адистер көптөн бери тикмечи болуп иштеген 20га жакын адамды окутууда. 

Чет элдик адистер кыргыз кесиптештерине европалык стандартка туура келүүчү тикмечиликтин сырлары менен бөлүшүүдө. 10 жылдан ашык убакыттан бери тикмечи болуп иштеген Эдиса Искакова дүйнөлүк тажрыйбаны кантип колдонуу керектигин үйрөнүүдө. Ал кыска аралыкта көп нерсени өздөштүрүүгө жетишкен. Тикмечи сандан сапатка өтүү ыкмалары менен таанышты. Атайын окуудан өтүп, тажрыйба алган тикмечилер фабрика ичиндеги калган жумушчуларды үйрөтөт. Андан соң өлкөдөгү башка тигүү ишканаларына дүйнөлүк талаптар боюнча окутуу уюштурмакчы.