Президент Алмазбек Атамбаев Толкунбек Абдыгуловду вице-премьер-министрликке дайындоо боюнча Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, Абдыгулов буга чейин биринчи вице-премьер-министр болуп иштеп келген.
Жогорку Кеңеш 22-ноябрдагы жыйынында Абдыгуловдун талапкерлигин вице-премьерликке жактырган болчу.