Жаңылыктар
Жалал-Абад шаарынын мэри шайланды
Саясат
Жалал-Абад шаарынын мэри шайланды

Жалал-Абад шаарынын мэри болуп Салайдин Авазов шайланды. Бул тууралуу шаардык кеңештин төрагасы Мураталы Тагаев билдирди. Анын айтымында, буга чейин мэрликке "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынан Майрамбек Адылбековдун, КСДП фракциясынан Салайдин Авазовдун талапкерлиги көрсөтүлгөн.

 "Бирок добуш берүү алдында Адылбеков өз талапкерлигин алып салган. Шайлоого шаардык кеңештеги 31 депутат толугу менен катышты. Депутаттардын 30у Салайдин Авазовго добуш беришти. ", - деди Тагаев. Ал кошумчалагандай, Авазов Жалал-Абад шаарынын он төртүнчү мэри болуп шайланды.