Жаңылыктар
Соң-Көлдүн балык запастарын көбөйтүү үчүн аракеттер жүрүүдө
Айыл чарба
Соң-Көлдүн балык запастарын көбөйтүү үчүн аракеттер жүрүүдө

Быйылкы жылы Ысык-Көл жана Соң-Көлдүн балык запастарын көбөйтүү үчүн он бир миллионго жакын чабак өстүрүлүп даярдалат. Бул багытта аймактагы мамлекеттик жана менчик балык чаарбалары урук алуу иштерин аякташууда. Азыркы тапта Ысык-Көл районундагы Садыр аке айыл аймагында жайгашкан балык заводу бекитилген планга ылайык эки жүз алтымыш миң чабакты өстүрүүдө. Менчик чарбалардын билдирүүсү боюнча эмки жылдын апрель айында көлгө коё берүү үчүн сига жана форель балыктарынын түрүнө басым жасалууда. 

Ихтиолог адистердин белгилөөсүндө мамлекеттик кызматтар балык запастарын сактоодо жана көбөйтүүдө начар жумуш алып барып жатышат. Себеби мыйзамсыз балык кармагандардын саны арбыды. Мындай абал менен көлдөгү балык запастарын көбөйтүү мүмкүн эмес. Балык өстүрүүдө жана аны көлгө коё берүүдө мамлекеттик балык чарба департаменти да ишти начар алып барып жатат.