Жаңылыктар
Кара-Буура: Үч-Булак айылындагы эмкананын жаңыртуу иши колго алынды
Ден соолук
Кара-Буура: Үч-Булак айылындагы эмкананын жаңыртуу иши колго алынды

Кара-Буура районунун Үч-Булак айылындагы эмкана мындан 50-60 жыл мурда, алгач мектеп болуп курулган. Кийин бала бакча, андан кийин эмкана болуп иштеп жатканына 30 жылдай болуп калды. 

Эскилиги жеткен эмкананын шыбынан жамгырда жаан тамчыласа, күн тийгенде чатырынан күндүн нуру өтүп турат. Эскилиги жеткен имараттын ичи кышында жылытып да жарытпайт. Жараксыз абалга келген мындай имараттын маселесин жергиликтүү эл көтөрүп чыкканына бир топ жыл болгон. Быйыл атайын долбоор менен айылдын эмканасын жаңыртуу иши колго алынды.