Жаңылыктар
Сооронбай Жээнбеков расмий түрдө президенттик кызматка киришти
Саясат
Сооронбай Жээнбеков расмий түрдө президенттик кызматка киришти

Инаугурация Ала-Арча мамлекеттик резиденциясынын "Эне-Сай" кабыл алуу үйүндө өттү. Инаугурацияга 450 адам чакырылган. Алгач Сооронбай Жээнбеков ант берди. БШК төрайымы президенттик күбөлүктү, төш белги жана мамлекеттик штандартты тапшырды. Салтанаттуу аземдин жүрүшүндө үч ирет артиллериялык залп атылды. 

Андан кийин Сооронбай Жээнбеков элге кайрылуу жасады. Анын артынан мурдагы Президент Алмазбек Атамбаев дагы элге кайрылуу жасап, сөз сүйлөдү. 

Андан соң Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаев Ак үйдү көздөй бет алды. Аларды Улуттук Гвардиянын башчысы Алмазбек Карасартов тосуп алып, рапорт берди. Ардак кароол менен саламдашкан соң, Атамбаев менен Жээнбеков ак үйгө киришти.