Жаңылыктар
КР президенти Сооронбай Жээнбековдун өмүр таржымалы
Саясат
КР президенти Сооронбай Жээнбековдун өмүр таржымалы

Бүгүн өлкөбүздө чындыгында тарыхый күн. Саясатта такшалган, кызматтын бардык тепкичтерин басып өткөн, улуу көчтү улап, кыргыз элинин эртеңки келечегин татыктуу жана ишенимдүү алып кете алган Сооронбай Жээнбеков өлкө башчылык кызматына киришти. 

Өлкөбүздүн жаңы ажосу кандай инсан? Бул суроо көптөргө кызык.

Сооронбай Жээнбеков ириде жупунулугу, жөнөкөйлүгү, бөтөн деп бөлбөй баарына бирдей көргөн камкордугу менен айырмаланып турат. Ошол эле учурда ички руху бай, журт атасы боло турган лидерлик сапатка да ээ.

Бул мүнөз бала кезден эле калыптанган. Чоң атасы менен чоң апасынын, ата-эненин мээримине бөлөнүп, тарбияга канып өскөн Сооронбай Жээнбеков ата-бабасынын сыймыктуу улантуучусу. Атасы Шарип аксакал эл арасында кадыр барктуу, сөзүнө бекем турган, чарбачыл инсан, кыйын жетекчи болгон. Ушундан уламбы атасына таандык болгон адамкерчилик, даанышмандык, адилеттүүлүк, кыраакылык, кең пейилдик, эмгекчил ошол эле учурда талапты коё билген мүнөздөрү Сооронбай Жээнбековго өткөн.

16-ноябрда Сооронбай Жээнбеков 59 жашка толду. Ал Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылында кызматчынын үй-бүлөсүндө туулган. Жээнбековдун балалык учуру, окуучулук мезгили кадимки балдардай эле туулуп өскөн айылында өттү. 

Ошондо эле китеп дүйнөсүнө болгон кызыгуусу, мугалимдеринин таасири аны мектепти аяктагандан кийин орус тили, мугалими болуп эмгектенүүгө жетеледи. Скрябин атындагы айыл чарба институтун аяктап, зооинженер адистигине ээ болгон. Экинчи адистиги бухгалтер. Жогорку Кеңештин үч жолку депутаты.

Сооронбай Жээнбеков зоотехник, совхоз жетекчиси, парламент депутаты, министр, губернаторлук кызматтарды аркалап, премьер-министр кызматына чейинки жолду талыкпаган эмгеги менен басып өттү. Иштеген кызматтарындагы ар кандай кыйчалыш кырдаал такшалган саясатчыны ого бетер чыйралтып, Сооронбай Жээнбеков калыптанган жетекчилик мүнөзүнөн, беттеген багытынан, максатынан тайган жок.

Байлык, бийликке умтулбай, эл үчүн, мамлекеттин пайдасына таза кызмат кылуу керек деген принципти тутунган Сооронбай Жээнбеков тажрыйбалуу саясатчы катары улуу көчтү улайт. 



Өлкө башчысы кыргыз элинин эртеңки келечегин татыктуу жана ишенимдүү жетектеп, туруктуулук менен тынчтыкты бекем сактап, эл жүгүн көтөрөт. Кыргызстандыктар да Сооронбай Жээнбековдон көптү үмүттөнүп турат.