Жаңылыктар
"Кентавр" Японияны багындырууда
Маданият
"Кентавр" Японияны багындырууда

Режиссер Актан Арым Кубаттын "Кентавр" тасмасы Токиодо өткөн эл аралык Tokyo Filmex (Токио филМэкс) фестивалында көрсөтүлдү. Фестивалда Азия менен дүйнөнүн эң креативдүү тасмалары көрөрмандарга тартууланган. 

"Bitters End" (Бидерс энд) аттуу соода компаниясынын берген маалыматы боюнча, "Кентавр" тасмасы 2018-жылдын 17-мартында, Япониянын 30дан ашык шаарына прокатка чыгарылат. Эң биринчи прокаттык көрсөтүү Токиодогу байыркы Iwanami Hall(ИвенАми холл) кинотеатрында көрсөтүлөрүн компаниянын жетекчиси Юджи Садай билдирди. Япониянын аудиториясы Актан Арым Кубаттын эмгектери менен буга чейин эле тааныш. "Бешкемпир", "Маймыл" жана "Свет аке" тасмалары Япониянын бир катар кинотеатрларынан көрсөтүлгөн. 

Tokyo Filmex фестивалы — 2000-жылы Япониянын белгилүү актёру жана продюсери Такеши Китано тарабынан негизделген.