Жаңылыктар
Жаңы президентти кыргыз журтчулугу кандай маанайда тосуп алды?
Кыргызстан жаңылыктары
Жаңы президентти кыргыз журтчулугу кандай маанайда тосуп алды?

Ошентип ачык айкын жана калыс шайлоодо таза жеңип чыккан Сооронбай Жээнбеков бүгүнтөн баштап, расмий түрдө президенттик кызматка киришти. Кыргызстанда мамлекет башчы алты жылга шайланат. POST1RIGHT

Ант берүү аземинен кийин, коомчулук жаңы президентти резиденциядан ак үй тарапка өтө турган жолдо каз катар тизилип күтүп турушту. Колдоруна желек кармашкан жоон топ эл, журт башчысы өтө турган жолун утурлап, таң эртеден эле чогулушкан. Көптөн күткөн мүнөттөр да келип, жаңы өлкө башчынын кортежин сүрөөн менен тосуп алышты.

Күз мезгилинин акыркы күндөрү өтүп жатканына карабай, Бишкек шаары жаздын күнүндөй жылуулука бөлөнүп, күн чайытта ачылып турду. Ага кошумча элдин маанайы да майрамдагыдай. Жаңы журт башчыга каалоо тилектер айтылып, улуулар ак батасын берип жатышты.

Ушул тапта президенттик бийликти тынчтык жолу менен, ачык жана демократиялык мүнөздө өткөн жалпы элдик шайлоонун жыйынтыгына ылайык өткөрүп берүүнүн жаңы наркы калыптанып калды. Андыктан жаңы саясий маданиятка карай ачылган жолдо, өлкө келечеги болгон жаштар жаңы президенттен жаңыча көз караштарды күтөт. Мына ошон үчүн, бүгүнкү мыйзамдуу, шайлоо жолу менен бийликтин алмашып жатышын элибиз эң туура, жакшы жөрөлгө катары кабылдап жатат.