Жаңылыктар
Кыргыз сомуна түшүрүлгөн залкар инсандардын элестери
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз сомуна түшүрүлгөн залкар инсандардын элестери

Тарых жана маданият жылына жана Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата 2 миң сомдук банкнот жүгүртүүгө чыкты. Бул акча башкалардан өзгөчөлөнгөн шөкөткө жана жаңы коргоо элементтеринин топтомуна ээ. Дагы бир жагдай: акча бетинде адамдын эмес "Манас" айкелинин келбети түшүрүлгөн. 

Кыргызстан көз карандысыз мамлекет жолуна түшкөнү, кайра жаралуунун пайдубалын түптөөгө киришкен. Андагы өткөөл мезгилде улуттук валюта чыгаруу зарылчылыгы жаралып, 1993-жылдын 10-майында сомдун алгачкы банкноттору чыгарылган. Кыргыз сомунун бетинен атактуу инсандардын сүрөтүн көрсөк болот.

20-кылымдын гомери аталган Саякбай Каралаевдин сүрөтү кызгылт 500 сомго түшүрүлгөн. Ал эми жашыл 5 миң сомдо “Кыргыз өңү - Сүймөнкулдун өңүндөй” - деп таанылган кыргыз киносунун жылдызы Сүймөнкул Чокморовдун жүзү бар. Буга чейин таанымал искусство адамдары Абдылас Малдыбаев, Бүбүсара Бейшаналиева, агартуучу Касым Тыныстановдун жана башка кыргыз каймактарынын сүрөтү тартылган акчалар жүгүртүлгөн. Банкноттун бетинде көбүнчө өнөр адамдарынын сүрөтү көп кездешет.

Саналуу күн мурун Улуттук банк жаңы акчаны жүгүртүүгө чыгарды. Эки миң сомдун башкалардан өзгөчөлүгү бар. Улуттук валюта Кыргызстанда эсептешүүлөр менен төлөмдөрдү жүргүзүүгө колдонуудан тышкары, тарбиялык мааниси да бар. Өз элиндеги улуу инсанды билбегендер акчадагы сүрөт аркылуу тарыхты барактай алат.

Чейрек кылымдан бери 30га жакын банкнот түрү чыгарылган. Акчалар 7 же 10 жыл аралыгында коргоо элементтерин жаңылоо максатында жаңыртылып турат.