Жаңылыктар
С.Жээнбеков Президенттик Аппараттын жетекчилиги менен биринчи кеңешмесин өткөрдү
Саясат
С.Жээнбеков Президенттик Аппараттын жетекчилиги менен биринчи кеңешмесин өткөрдү

Кеңешмеде Сооронбай Жээнбеков Аппараттын алдында ишке тез ашырылчу кыска мөөнөттүү иш планын жана биринчи кезектеги максаттарды белгиледи. Президент биринчиден негизги багытты улантууну камсыздаган, экинчиден өлкөнүн баардык жашоо тармактарында түп-тамырынан реформа жүргүзүүнүн жаңы баскычын кепилдеген чараларды иштеп чыгуунун маанисин белгиледи. 

Жээнбеков экс-президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында 2017-жылдын 15-ноябрында өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынында негиз катары кабыл алынган өлкөнү туруктуу өнүктүрүү Стратегиясын 2018-жылдын 15-февралына чейин иштеп чыгып, бүтүрүү керектигин эскертти. Ал белгилегендей, 2018-2040-жылдарга карата туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук Стратегиясы келе жаткан жылдын февраль айынын аягында кабыл алынышы керек. 

Мындан тышкары, Президент Сооронбай Жээнбеков жакын арада коррупцияга каршы күрөшүүнүн негизги багыттарын белгилеген Коопсуздук кеңештин отурумун өткөрүү тапшырмасын берди. "Өлкөдө акыркы жылдары коррупцияга каршы аеосуз күрөш жүрдү, ал өлкөнү коррупциялык көрүнүштөрдөн тазалоого баардык шарттарды түздү. Биз коррупцияга каршы күрөштү улантышыбыз керек", - деп белгиледи Президент.