Жаңылыктар
Нарын облусунун Ат-Башы районуна өнөр-жай соода-логистикалык борбору курулат
Кыргызстан жаңылыктары
Нарын облусунун Ат-Башы районуна өнөр-жай соода-логистикалык борбору курулат

Бул максатта Ак-Башы айыл өкмөтүнүн аймагынан 200 гектар жер тилкеси бөлүнүп берилди. Бул тууралуу токтомго премьер-министр Сапар Исаков кол койду. Борборду куруунун максаты - өндүрүштү, кайра иштетүү жана агро-өнөр жай тармактарын өнүктүрүү, эскпортко товар чыгаруу аркылуу аймактын социалдык-экономикалык абалын жана жергиликтүү калктын тиричилик деңгээлин жакшыртуу болуп саналат. 

Өнөр-жай соода-логистикалык борборду куруу менен 3 миң жаңы жумушчу орундары түзүлүп, орто жана чакан бизнести өнүктүрүүгө жакшы шарттар жаралат. Борбор “Европа — Кавказ — Азия» транспорт коридорун бириктирген Бишкек – Нарын – Торугарт – Кашкар жолунун боюнда жайгашат. Бул Кыргызстандын товарларын Кытай, Индия, Пакистан, Иран жана Түркмөнстан өлкөлөрүнө чыгарууга ыңгайлуу шарт түзөт.