Жаңылыктар
Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда жеңил унаа сууга түшүп кетип, 4 адам каза болушту
Кырсык
Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда жеңил унаа сууга түшүп кетип, 4 адам каза болушту

Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда жеңил унаа сууга түшүп кеттип, 4 адам каза болушту. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматта айтылгандай, Нарын облусунун Кочкор районунда 26-ноябрь күнү саат 12:20да Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 180-чакырымында “Кубакы” ашуусунда көпүрөдөн “Тайота Карина” үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, сууга түшүп кеткен. 

Жол кырсыктын кесепетинен бир үй бүлөнүн 4 мүчөсү каза болушту.

Каза болгондор Нарын облусунун Нарын шаарынын Ак-Өргө көчөсүнүн тургундары болушкан. Кырсык болгон жерге куткаруу тобу барып,  каза болгон адамдарды туугандарына өткөрүп беришкен.