Кыргызстан менен Түштүк Кореянын Artel компаниясы кир жууган машина чогултуучу завод ачуу алдында турат. Завод 2018-жылдын март айында Ош жергесинде ишке кирет. Бул боюнча келишимге Ташкент шаарында 6-октябрда өткөн кыргыз-өзбек форумунда кол коюлган.
Белгилей кетсек экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга болгон иш-сапарынын алкагында жалпысынан 15 миллион долларга бааланган 10 келишимге кол коюлган. Алардын арасында айыл чарба техникасы, жеңил унаа менен автобустарды чогултуу ишканалары бар. Ушул тапта өнүрүштү ишке киргизүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат деп билдирди “Биринчи радиого” Инвестицияны илгерилетүү жана экспортту колдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Адылбек уулу Шумкарбек.
Назира Молдокулова, "Биринчи радио"