Жаңылыктар
Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин 9 айлык ишинин жыйынтыгын чыгарды
Кыргызстан жаңылыктары
Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин 9 айлык ишинин жыйынтыгын чыгарды

Премьер-министр Сапар Исаков Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин 9 айдагы ишинин жыйынтыгын чыгаруу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. 

Премьер-министр жалпы республика боюнча, ошондой эле аймактар арасында социалдык маанилүү товарларга болгон баанын абалын үзгүлтүксүз көзөмөлгө алуунун маанилүүлүгүн белгилеп, монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги өлкөдө күйүүчү-майлоочу майларга жана көмүргө карата баанын негизсиз жогорулоосуна жол бербөөгө өзгөчө көңүл буруусу керектигин билдирди. 

Буга байланыштуу өлкөнүн ички рыногундагы абалды тыкыр талдоого алуу менен күйүүчү-майлоочу майлардын жана көмүргө карата баанын негизсиз жогорулоосуна жол бербөө боюнча ишти күчтөндүрүүнү, көмүр сатуу түйүндөрүндө сатуучулар арасында бааны негизсиз жогорулатууга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, күн сайын көмүргө жана күйүү-майлоочу майларга болгон баага мониторинг жүргүзүп туруу тапшырмасын берди.