Учурда Казакстан менен Россиянын жумурткалары Кыргызстандын базарларында сатылып жатат. Алардын 1 даанасы 4 сомдон. Ал эми жергиликтүү ишкерлер өндүргөн жумурткалар базарда сатылбай калды. Анткени мыйзамсыз импорттолгон жумурткалар көбөйүп, жергиликтүү ишкерлер чыгымга учурап жатат. Бул акыр аягы тоок фермалардын жабылуусуна алы келиши ыктымал дешет экономикалык эксперттер.
Мына ушул маселени жогорку бийлик өкүлдөрүнөн ишкерлерди колдоп берүүнү суранып улуттук бизнес ассоциациялар бирикмеси маалымат жыйынга чогулушту. Алар жумуртка өндүрүучүлө ассаоциациялардын өкүлдөрү өкмөттөн чет жактан келип жаткан жумурткалардын сапаттуулугун текшерип, аларга көзөмөл кылууну суранды.
Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"