Жаңылыктар
Улуттук китепканада "Өнөр бейнеси" кароо сынагы өттү
Маданият
Улуттук китепканада  "Өнөр бейнеси" кароо сынагы өттү

Борбор калаадагы Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада "Улуттук аспаптар - улуттук музыканын уңгусу" деген ураандын астында "Өнөр бейнеси" деп аталган кароо сынак өттү. 

16 жаштан 30 жашка чейинки таланттар арасындагы “Өнөр бейнеси” кароо-сынагынын финалында баш байге үчүн жалпысынан 20га жакын жаш таланттар ат салышты. Сынакта комузчу, чоорчу, кыл кыякчылар, ооз комузчулар жана жазма акындар өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Улуттук аспапты кол ойното аткарган жаш таланттардын өнөрүн калыстар тобу чыгарманын мазмуну, чеберчилиги жана сахнада өзүн алып жүрүү маданияты сыяктуу белгилер менен сынашты.

Аталган иш-чара быйыл үчүнчү ирет өттү. 2017-жылдан тарта Маданият, маалымат жана туризм министрлиги колдоого алып, мындан ары жыл сайын өткөрүлө турары айтылды.