Жаңылыктар
Жээнбеков биринчи жарлыгы менен Атамбаевге «КРнын Баатыры» наамын ыйгарды
Саясат
Жээнбеков биринчи жарлыгы менен Атамбаевге «КРнын Баатыры» наамын ыйгарды

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, элге сиңирген эмгеги, Кыргызстандын мамлекеттик эгемендигин, элдин биримдигин, өлкөдөгү тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоого, Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн бекем негизин түзүүгө зор салым кошкондугу, ошондой эле саясий эркти жана эрдикти көрсөткөндүгү үчүн Атамбаев Алмазбек Шаршеновичке «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды.

С.Жээнбеков 24-ноябрда ант берүү аземи учурунда биринчи жарлыгы мене А.Атамбаевге «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамын ыйгара тургандыгын билдирген.