Жаңылыктар
Борбордо теннис боюнча өспүрүмдөр арасында мелдеш өттү
Спорт
Борбордо теннис боюнча өспүрүмдөр арасында мелдеш өттү

Бишкекте теннис боюнча өспүрүмдөр арасындагы мелдеш өттү. Ти-клаб машыгуучу жайында уюштурулган иш-чарага шаардагы бир катар теннис клубдарынан оюнчу балдар, кыздар катышты. 

Эки күндүк мелдеште бештен он эки жашка чейинки төрт топто жеңүүчүлөр табылды. Байгелүү орунду алгандарга медалдар тагылып, акчалай сыйлыктар, белектер берилди.

“Мелдешке элүүдөй бала катышты. Балдардын эл аралык турнирлерге такшалышы үчүн ушундай иш-чараларды өткөрүп турушубуз керек.”-деп белгиледи мелдештин уюштуруучусу, машыктыруучу Нелли Буюклянова.