Жаңылыктар
Сокулуктагы убактылуу кармоочу жайдан качкандар изделүүдө
Кылмыш
Сокулуктагы убактылуу кармоочу жайдан качкандар изделүүдө

Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайынан качып кеткендер изделип жатат. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди. 

Белгилүү болгондой, окуя 27-ноябрда таңкы саат алтылар чамасында болгон. Качып кеткен төрт киши карактоо жана адам өлтүрүү беренелери боюнча айыпталгандар. 

Учурда аларды издөө аракеттерине Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы жана ИИМдин ыкчам кызматы тартылды. Учурда "Перехват" планы жарыяланып, качып кеткендерди издөө аракеттери тыкыр жүрүүдө.

Качкан кылмышкерлер:

-Базаркулов Рамиль Муктарбекович 16.07.1979-ж. Чүй облсунун Сокулук районунан. (Адам өлтүрүү 97-ст)

- Ачылдурдиев Багтият Турдукулович 22.01.1985-Ж. Түркмөнстандын жараны 

- Дилдешов Бакыт Чыныбекович 04.03.1979 -ж , Талас облусунун тургуну 

-Джанботоев Кайрат Байызбекович 23.09.1989-ж. Чүй облусунун Москва районунун тургуну  (Адам өлтүрүү 97-ст)

Милиция качып кеткен жарандар тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендерди 0 312 43-88-91, 43-88-85, ИИМдин нөөмөт бөлүмү 0 312 662331 телефондору аркылуу кайрылууну суранат. Аталган факты боюнча материалдар окуяга юридикалык баа берүү үчүн прокуратурага жиберилет.