Жаңылыктар
Баткен-Бишкек авиа каттамындагы билет баасы жүргүнчүлөрдүн чөнтөгүнө оор түшүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен-Бишкек авиа каттамындагы билет баасы жүргүнчүлөрдүн чөнтөгүнө оор түшүүдө

Баткен-Бишкек авиа каттамында билет 4 500 сомго чейин жогорулады. Былтыр Баткенден Бишкекке учуу 1000 сомго арзан эле. Учак баасы жүргүнчүлөрдүн чөнтөгүнө оор түшүп, алар Бишкекке чейин унаа менен жүрүүгө аргасыз.

Кыш айларында ашуулардагы тайгак жолдо унаа менен алыска чыгуу да кооптуу. Негизи аба каттамынын расмий баасы 3500 сомдон 4500 сомго чейин. 

Бирок зарыл учурда авиа кассаларда билет мындан да жогору сатылат. Баткен-Бишкек багыты аптасына 3 жолу, Лейлектен Бишкекке бир жолу учат. 

Ушул аптада парламентте ички авиа каттамдарга бааны арзандатуу каралып, анда Ош-Бишкек, Жалал-Абад-Бишкек багыттары боюнча учак бааларын бир ай ичинде жөнгө салуу тапшырылган.