Жаңылыктар
Президент жалпы республикалык ишембиликке катышты
Кыргызстан жаңылыктары
Президент жалпы республикалык ишембиликке катышты

Өлкөнү таза кармап, экологиябызга аяр мамиле кылуу өзүбүздүн колубузда. Бул туурасында президент Алмазбек Атамбаев бүгүн жалпы республикалык ишембиликке катышып жатып билдирди. Анын айтымында, Бишкек шаарын сырттан эч ким келип булгабайт, шаарды ушул жерде жашап жаткандар эле булгайт. Андыктан ар бир жаран өзүнүн айланасына жоопкерчилик менен мамиле кылып, экологияны көздүн карегиндей сактоосу керек. Башка өнүккөн мамлекеттерди карагыла, мэр болуп ким келбесин шаар таза бойдон турат. Анткени алардын жашоочулары өзү жашап жаткан аймакка аярлык менен мамиле кылышат"- деди мамлекет башчысы.

Мындан тышкары алдыдагы президенттик шайлоо боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берген Алмазбек Атамбаев, эл кимди шайлап алаарын өзү чечээрин айтып, мураскор даярдабай турганын кошумчалады. Мураскор дайындоо өлкөнү демократиялык жолдон чыгараарын айткан президент, Кыргызстандыктар мамлекет башына келчү адамды адашпай туура тандашаарына үмүт артып жатканын билдирди. Ал эми өзү президенттик кызматтан кеткен соң, өкмөт башчылыкка да Жогорку Кеңештин төрагалыгына да барбай турганын дагы бир жолу баса белгиледи.