Жаңылыктар
Август айына чейин электр жарыгына болгон тарифтер өзгөрбөйт
Экономика
Август айына чейин электр жарыгына болгон тарифтер өзгөрбөйт

Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу агенттигинин директору Таалайбек Нурбашевдин айтымында, азыр жарандарга 700 киловат саат өлчөмүндөгү энергия 77 тыйындан сатылып, эгер бул лимиттен аша турган болсо 2 сом 16 тыйындан төлөө тартиби каралган. 

"Аймактарды кыдырып, эл менен жолуктум. Нааразычылык жок. Калктын 20 пайызы гана 2 сом 16 тыйындан төлөп жатат, алар берилген чектен ашкандар. Лимиттен ашпагандар 77 тыйындан эле төлөп жатат, алар үчүн бул тариф оорчулук жаратпайт. Тариф кымбат деп ызы чуу көтөрүп жаткандар лимиттен ашып кеткен 20 пайыз керектөөчүлөр. Бул абоненттерде жетиштүү каражаты деле бар, алар чоң үйлөрдү электр энергиясы менен жылытууда",- деди Нурбашев.