Жаңылыктар
Туруктуу улуттук стратегиясынын акыркы варианты 15-февралда иштелип чыгат
Экономика
Туруктуу улуттук стратегиясынын акыркы варианты 15-февралда иштелип чыгат

2040-жылга чейинки өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук стратегиясынын акыркы варианты 15-февралда даяр болот. Ага чейин адистер документте камтылган багыттарды алдын-ала талдап чыгышмакчы. Эске салсак, стратегияны буга чейин Улуттук кеңеш өз жыйынында негиз катары кабыл алган. 

2040-жылга чейинки өлкөнү өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы - бул өлкөнүн мындан аркы өнүгүү багытын аныктаган негизги документ. Сооронбай Жээнбеков кызматына киришкен биринчи күнү эле өзүнүн командасына стратегияны жазып чыгуу боюнча иштерди тездетүү тапшырмасын берди. 

Кыргызстан 2040-жылы технологиялык жактан өнүккөн өлкөлөрдун катарында болушу керек. Учурда алдыңкы мамлекеттердин бардыгы бул тажрыйбанын жардамы менен алдыга озууда. Андыктан Кыргызстан да мындай потенциалды пайдалана билүүсү шарт. 

Алдыдагы 25 жылга карата кандайдыр бир божомол айтуу азыр кыйын. Эксперттердин да башкы максаты бул эмес. Көп нерсе дүйнөлүк процесстерден көз каранды болорун алар да түшүнүшөт. Бирок ага карабастан мамлекет кандай жол менен өнүгөт, кайсы багытка басым жасарын азыртадан аныктап алуу керек.  

Туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын биринчи беш жылдыгы “Жаңы доорго кырк кадам” деп аталат. Учурда өкмөт бул программаны даярдоодо жана ал жаңы жылга жакын соңуна чыгат. Мында конкерттүү тапшырмалар, мөөнөттөр, каржылоонун булактары аныкталган. Бардыгы болуп 90го жакын улуттук долбоорлор бар. 

Улуттук кеңештин катчылыгы бардык кызыктар тараптарды стратегияны иштеп чыгууга катышууга чакырууда. Бул өтө олуттуу документ жана ага карата ар бир адамдын ой пикири маанилүү.