Жаңылыктар
Жол кырсыгын алдын алуу боюнча иш аракеттер күчөтүлүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Жол кырсыгын алдын алуу боюнча иш аракеттер күчөтүлүүдө

Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгы жоюлуп, жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгын түзүү тууралуу токтомго кол коюлгандан бери иш аракеттер күчөтүлүп баштады. Жол кырсыгын алдын алуу боюнча жүрүп жаткан репортаждар түрмөгүнүн бүгүнкү каармандары, ордо калаадан сырт жака жүргүнчүлөрдү ташып жатышкан маршруттук унаанын айдоочулары.

Калаанын бир тарабынан экинчи тарабына эл ташыган 129чу маршруттук каттам. мында эмнегедир баардык айдоочуларга эртең менен каттамга чыксын деген уруксат кагазы берилип, жада калса мөөр басылганы менен, биринин да кышкы дөңгөлөктөрү жок болуп чыкты.

Кыштын алгачкы ызгаары келип калганына карабай, айрым маршруттук унаалардын айдоочулары кышкы дөңгөлөктөрүн салыша элек. Биздин чыгармачыл топ, камерага тартып жаткан мезгилде, бир канча маршруттук унаа токтотулганы менен, алардын ичинен бир гана айдоочу кышка алдын ала даярданганы маалым болду.

Ал ортодо дөңгөлөк алмаштыруучу жайларда да кезек күткөндөр арбын. Алдын ала даярдык көрүп, күн ачык жарыкта келип дөңгөлөгүн алмаштырып алышпайт дагы, күндүн көзү бүркөлөөрү менен, биринен сала экинчиси келе баштайт. Мындай жагдайдан улам, 3 күндөн бери дөңгөлөк алмаштыруучу жайдагылар түнгө чейин иштешеп жатат. 

Андыктан темир тулпары барлар кыштын камын көрүп, автоунаанын дөңгөлөктөрүн тезинен алмаштыруусу керек. Сатуучулар болсо, кышкы дөңгөлөктөрдүн баасы өткөн жылдагыга караганда бир кыйла арзандаганын айтууда. Тажрыйбалуу айдоочулар кышкыга машинелерин күздүн келиши менен эле, кар түшө электе даярдап башташат. Даярдыкты негизинен жайкы төрт дөңгөлөктү кышкыга алмаштыруудан баштоо зарыл.