Жаңылыктар
Бишкекте заманбап перинаталдык борбор курулууда
Ден соолук
Бишкекте заманбап перинаталдык борбор курулууда


Бишкекте дүйнөлүк стандарттагы перинаталдык борбор курулууда. Долбоорду каржылоону Германиянын өкмөтү колго алган. 

Курулушту баштоо аземи 27-сентябрда болуп, иш-чарага өкмөт башчысы менен Германиянын Кыргызстандагы элчиси катышкан. Немис өкмөтү жардам иретинде долбоор үчүн 10 миллион 500 миң евро бөлгөн. Каражат курулуш иштерине, борборду жарыктандырууга, заманбап жабдуулар менен камсыз кылууга жумшалат.

Учурда жер төлөнүн пайдубалы түптөлүүдө. Курулушту жүргүзүү үчүн өткөрүлгөн тендерде түрк компаниясы озуп чыгып, тиешелүү иштерди аткарып жатат. Сынакка ишкананын аз дегенде эле эл аралык стандарттагы эки оорукананы курган тажрыйбасы болушу керек деген талап коюлган. 

Курулушка 6 миллион евро сарпталат. Калган 4 жарым миллионуна жабдуулар сатып алынат. Курулуш материалдарынын сапатына жана жалпы эле борборду салууга германиялык компания көзөмөл жүргүзөт. 

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун кызматынан ар жыл сайын 5 миңден кем эмес кош бойлуу аялдар пайдаланат. Алардын 70 пайызы ар түрдүү көйгөйлөрдөн жабыркагандар. Курулуп жаткан медициналык жай да аталган борбордун курамында иштейт.

Дүйнөлүк стандарттагы медициналык жайды куруу аз эмес убакытты талап кылат. Борбор 2019-жылдын апрель айында ишке берилет.