Жаңылыктар
Мыйзамсыз акча чогулткан мугалимдер жоопко тартылат
Билим
Мыйзамсыз акча чогулткан мугалимдер жоопко тартылат

Бишкек шаарынын мэриясы мыйзамсыз акча чогулткан мугалимдердин жоопкерчилигин кароо боюнча буйрук чыгарды. Анда окуучулардын ата-энелеринен шаан-шөкөттөргө акча чогултууга тыюу салынат. 

Мэриянын маалыматында - акыркы күндөрү Бишкектеги мектептерде чогултулган акча каражаттары коомчулук арасында катуу талкууланып келет. Ата-энелер акча бербей койсо мугалимдер балдарына моралдык-психологиялык кысым көрсөтөбү деп чочулашат. 

Буга ылайык, борбор калаанын мэри майрамдар менен башка иш-чараларга мугалимдер же класс жетекчилер аркылуу акча чогултууга тыюу салган буйрук чыгарды", - деп айтылат маалыматта.