Жаңылыктар
Ош базарынын айланасындагы башаламан соода качан токтойт?
Кыргызстан жаңылыктары
Ош базарынын айланасындагы башаламан соода качан токтойт?

Борбор калаадагы "Ош базарынын" айланасындагы башаламан соода жайлары шаардын көркүн бузуп, мында келгендердин ары-бери эркин өтүүсүнө чоң тоскоолдук жаратып келет. 


Бир канча жыл мурда анын айланасындагы жолдор оңдолуп, кеңейтилип, соодагерлер базардын сыртына чыкпагыдай тосулган тосмолор көйгөйдү чечкендей болгон. Бирок абал өзгөргөн жок, тескерисинче башаламан соода күчөдү деп нааразы болгондор көп.


Ош базарына кайсы учурда баш бакпа, анын айланасынын бардык тарабында ушундай абал. Адам басуучу жол, унаа өтүүчү көчөнүн боюнда башаламан соода кылгандар. Унаа тыгыны, адамдардын жөөлөшүп өтүүсү кадимки көрүнүш. Мыйзамсыз сатуучуларга 1000 сомдон 5 миң сомго чейинки айып пул салынып, протоколдор түзүлөт. Ага карабай, бир жерден кетишсе, башка жерине барып тура беришет.

Базарда 10 миңдей адам сатуучулук кылат. Көчөдө өз алдынча соода кылгандардан башкалардын баары салык төлөйт. Ош базары жеке менчик. 100гө жакын ээси бар.

Кандай абал болбосун мыйзам алдында баары бирдей. Базардын сырты, тагыраагы адам жүрүүчү аймак менен көчөлөр Ленин райондук администрациясына карайт. Шаардык бийлик абал менен күрөшүү үчүн милиция, салык кызматы менен биргеликте текшерүүлөрдү уюштураарын айтат. Бирок абал өзгөрүүсүз.

Базарды шаардын сыртына көчүрүү маселеси канчалык чындыкка жакын? Убакыт көрсөтөт. Ага чейинки абалды жөнгө салуу үчүн буларды базардын ичиндеги бош орундарга жайгаштырып, мыйзамдуу иштөө сунушу да суу кече элек, салык төлөгүсү келбегендер эл баскан жолдон кеткилери жок.