Жаңылыктар
Бишкек: “Тазалык” ишканасы кышка даяр
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек: “Тазалык” ишканасы кышка даяр

Бишкек шаардык мэриянын “Тазалык” ишканасы кышка даяр. Ишкананын маалыматы боюнча, калаанын көчөлөрүн кардан тазалап туруу үчүн 34 унаа колдонулат. Анын ичинде 20 кар тазалоочу, эки кум себүүчү унаа, эки кар тазалаган трактор, шыпыргысы жана калагы бар тракторлор иштейт. 

Мындан сырткары, аялдама жана жоо адамдар басуучу жолдордогу карды тазалаш үчүн 578 көчө шыпыргыч менен 113 жүк ташыгыч иштемей болду. Белгилей кетсек, буга чейин былтыркы кыштан 11 миң тонна кум жана 877 тонна туз ашып калганы айтылган. Мына ушул инерттик материалдар дагы быйыл колдонулмай болду.