Жаңылыктар
Студенттердин кол кабышы
Кыргызстан жаңылыктары
Студенттердин кол кабышы

Бүгүнкү ишембиликке Бишкектин жогорку окуу жайларынын жатаканаларында жашаган жүз жетимиштей студент да чыкты. “Жатаканын жаштары” деген уюмга бириккен студенттер жеке демилгеси менен калаадагы “Үмүт-Надежда” реабелитациялык борборунун короо-жайын тазалап, бак-дарактарын түбүн жумшартып, кыркып, актап иретке келтирип, арыктарды тазалап кол кабыш кылышты. 

Топ-топко бөлүнүп алган жаштардын бир бөлүгү мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды ойнотуу менен алек болсо, кыздар балдар үйүнүн ичин тазалап, терезе, эшиктерин жууду. “Жатаканын жаштары” уюму муну менен экинчи ирет жеке демилгеси менен мындай өңүттөгү иш чараны уюштурууда. 

Кошумчалай кетсек учурда “Үмүт-Надежда” реабелитациялык борборунда мүмкүнчүлүгү чектелген 85 бала бар. Тарбиячылардын көбү айымдар болгондуктан сырттагы жумуштарга чолоолору тийбейт.