Жаңылыктар
Сокулуктагы убактылуу кармоочу жайынан качкандардын экөө кармалды
Кылмыш
Сокулуктагы убактылуу кармоочу жайынан качкандардын экөө кармалды

Сокулуктун ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайынан качып чыккан төрт кишинин экөө кармалды. 

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, качкандардын экөөсүн 27-синен 28-ноябрга караган түнү Биринчи Май райондук милициясынын кызматкерлери кармаган. 

Алар адам өлтүрүүгө шектелген Рамил Базаркулов жана каракчылык менен камакка алынган Бакыт Дилдешов. Экөө тең 38 жашта. Калган эки кишини колго түшүрүү иштери жүрүүдө.