Жаңылыктар
"Обологон обондор" көрсөтүүсүнүн катышуучулары Ыр Кесе тойканасынада обон созот
Маданият
"Обологон обондор" көрсөтүүсүнүн катышуучулары  Ыр Кесе тойканасынада обон созот

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Маданият Тарых Тил каналы жаңы жылга карата чыгарма сүйүүчүлөрүнө жандуу ырлар менен коштолгон көрсөтүүлөрүн тартуулайт.

Алардын бири республикалык  “Шайыр апалар”  фестивалы. Ар кырдуу өнөргө бай шайыр апалардын  чыгармачыл кечеси тартылып, эфирге даярдалууда.

Ал эми,  "Обологон  обондор"  түз  эфирдеги  көрсөтүүсү белгилүү обончу, композитор, аткаруучу  менен теле  аркылуу  түз  эфирде  маек  куруп,    көрүүчүлөрдүн  суроолоруна  телефон  аркылуу  жооп  берип  келсе, мындан  ары  "Ыр  кесе"  ресторанында  эс  алуучулар  менен  мандай-тескей  отуруп жагымдуу чыгармаларын  арнап алардын кызыккан  суроолоруна  бетме-бет  жооп берет.