Жаңылыктар
Президенттик шайлоонун соңку жыйынтыгы чыгарылды
Саясат
Президенттик шайлоонун соңку жыйынтыгы чыгарылды

Боршайком 15-октябрда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча коомдук диалог уюштурду. Анда шайлоо өткөрүүгө тиешеси бар органдар шайлоо маалындагы абал тууралуу баяндама жасап, добуш берүүдөгү ийгиликтер жана мүчүлүштктөр талкууланды. 

Жыйынга эл аралык уюмдар, аймактык шайлоо комиссияларынын өкүлдөрү, саясат тануучулар жана серепчилер катышты. 

Курч, атаандаштык мүнөздө өткөн шайлоо жана тынчтык жолу менен берилген президенттик так дале коомчулуктун көңүл борборунда. 

Президенттик шайлоону жыйынтыктоочу жыйын “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өттү. Анда тиешелүү адистер добуш берүү кандай нукта жүргөнүн жана шайлоонун өтүшү тууралуу ойлорун ортого салышты.

Жалпы абалга байкоо салган эл аралык уюмдар олуттуу, одоно кемчиликтер жок экенин, бирок келип чыккан маселенин үстүнөн иштеш керек деп эсептейт.

Шайлоо өткөрүү өнөктүгүн чыңдоо, кемчиликтерди жоюу боюнча жакында жыйын болот. Буга чейин президенттин жарлыгы менен жумушчу топ түзүлгөн. Ал аянтчада шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү жана жакшыртуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрмөкчү.