Жаңылыктар
Японияда кыргыз маданиятынын жумалыгы өттү
Маданият
Японияда кыргыз маданиятынын жумалыгы өттү

Токио шаарында кыргыз маданиятынын жумалыгы аяктады. 

Жапонияда “Кыргыз көчмөн дүйнөсү” деп аталган концерттик программа бир нече жолу коюлуп, көчмөн кыргыз элинин маданияты жапон элине тааныштырылды. 

Маданият жумалыгынын алкагында Токио шаарында өткөн этноконцертти кыргыз улуттук кийимдери көркүнө чыгарды. Буга кошумча сүрөтчү Эркинбек Болжуровдун сүрөт көргөзмөсү болду. М

Кыргыз делегациясын Гүлжан Иреш жетектеп барган. Анын айтымында дүйнөгө жөнөкөйлүгү жана сезимталдуулугу менен белгилүү жапон эли, кыргыз маданиятын терең түшүнүүгө бар аракетин жумшады.

Жапониядагы Кыргызстандын элчилигинде да эки өлкө ортосунда түзүлгөн дипломатиялык мамиленин 25 жылдыгына арналып салтанаттуу иш-чара болду.