Жаңылыктар
Борбор калаада жаңы гемодиализ борбору ачылды
Ден соолук
Борбор калаада жаңы гемодиализ борбору ачылды

Борбор калаада Кыргыз-орус славян университетинин медициналык борборунун базасында гемодиализ борбору ачылды. Бул тууралуу Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо агенттигинин маалымат кызматы кабарлады. 

Медициналык клиника жарандарга гемодиализ кызматын жеткиликтүү кылуу максатында ачылган.

Учурда борбордо ар бири 20 миң долларга бааланган үч гемодиализ аппараты бар. Жыл ичинде дагы кошумча үч аппарат коюу мерчемделген. 

Мындан сырткары, клиниканы өнүктүрүү максатында дагы башка медициналык кызматтар иштемекчи.