Жаңылыктар
Сокулук РИИБдин жетекчилиги толугу менен кызматтан алынды
Кыргызстан жаңылыктары
Сокулук РИИБдин жетекчилиги толугу менен кызматтан алынды

Убактылуу кармоочу жайынан төрт кишинин качып чыгышынан улам Сокулук РИИБдин жетекчилиги толугу менен кызматтан алынды.

ИИМдин маалымат кызматынын билдирүүсү боюнча Ички иликтөө кызматы тарабынан 27-ноябрь күнү оор кылмышка шектелип камакта жаткан төрт кишинин качып чыгуу фактысынын негизинде териштирүү жүргүзүлгөн.

Натыйжада качкындардын абактан эч тоскоолдуксуз чыгып кетишине уставдын талаптарын одоно бузуу, кызматкерлердин өз милдетин так аткарбоосу жана укуктук-ченемдик актыларды тийиштүү деңгээлде билбеши себеп болгону аныкталган.

Кызматтык териштирүүнүн материалдары окуяга юридикалык баа берүү үчүн тергөө органдарына жөнөтүлгөнү айтылды.

Мындан сырткары, бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин “Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “Шалаакылык” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайдын эки милиция кызматкери камакка алынды.