Жаңылыктар
Сооронбай Жээнбековдун алгачкы чет элдик сапары Россия Федерациясынан башталды
Саясат
Сооронбай Жээнбековдун алгачкы чет элдик сапары  Россия Федерациясынан башталды

Президент Сооронбай Жээнбеков россиялык тараптын чакыруусу менен Россия Федерациясына алгачкы чет элдик сапарына барды. Иш сапардын алкагында мамлекет башчысы Россиянын Президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Тараптар кыргыз-россиялык эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүү, ошондой эле Евразиялык мейкиндикте интеграциялык бирикменин алкагында өз ара аракеттенишүү маселелерин талкуулайт. 

Ошондой эле Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен дагы жолугушат. 

Андан ары өлкө башчы жумушчу сапары менен Беларусь Республикасына барып, Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышат.