Жаңылыктар
Ысык-Көлдө эзелки доордон калган жаныбардын сөөгү табылды
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көлдө эзелки доордон калган жаныбардын сөөгү табылды

Ак-Суу районундагы Жыргалаң суусунун жээгиндеги жардын боорунан мамонттукуна окшогон ири сөөк табылган. Жергиликтүү калктын айтымында, бул байыркы заманда жашаган кадимки эле мамонт. 

Бирок мамонтко окшогон жандыктын сөөгүнө айылдын кичине балдары зыян келтирип салган. Изилдөө иштери үчүн өтө баалуу бул табылга учурда райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарнабынан кайтарууга алынды.